Европада көчмөн маселеси күч алууда

Ливия жээктеринде кечээ бир кемеде 50 көчмөндүн сөөгү табылды.

370208
Европада көчмөн маселеси күч алууда


Венгрия-Сербия чек арасындагы лагерде чогулган качкындардын айрымдары зым тосмолордон аттап өтүп кетти.
Батыш Европа өлкөлөрүнө баруу кыялы менен Венгрияга күн сайын орто эсеп менен 1 миң 500 кишинин мыйзамсыз жолдор менен киргендиги айтылууда.
Качкын көчмөндөрдүн Греция-Македония-Сербия багытындагы сапарлары да уланып жатат.
Жер ортолук деңизи аркылуу Европага өтүүгө аракет кылган көчмөндөрдүн үйлөтүлгөн кайыктар менен жол тартуусу болсо көбүнчө апаатка айланууда.
Ливия жээктеринде кечээ бир кемеде 50 көчмөндүн сөөгү табылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар