Бөлүүчү террор уюму ПККга оор сокку урулду...

Түрк куралдуу күчтөрү бир айлык операциялардын жыйынтыгын жарыялады.

370543
Бөлүүчү террор уюму ПККга оор сокку урулду...

Түрк куралдуу күчтөрү акыркы бир айда террор уюмуна карай жүргүзүлгөн аба кыймылдарында 918 террористтин өлгөнүн, өлкө тышында 580, өлкө ичинде 300 чамалуу террористтин жараланганын жарыялады.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясына ылайык, кыска мөөнөттө жана кыйратуучу операциялардын жыйынтыгында айрым террористтер уюмдан качып коопсуздук күчтөрүнө багынып беришти. Качууга жетише албагандар болсо террордук уюм Түндүк Иракта ээ боло албаган аймактарда жашырынды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн аба операциялары, террор уюмунун ичинде чоң коркунуч жана дүрбөлөң жаратты. Террористтердин рация менен сүйлөшүүлөрүндө, уюмдун акыркы бир айдын ичинде эч күтүлбөгөндөй жоготууга учурагандары, бул жоготуулары жашырылууга аракет кылынып жатканы белгиленди.
Чалгындоо бөлүктөрү, террористтердин балдарды уюмга кошуп алуу үчүн чоң суммада акча сунуштап жатканын тастыкташты.
Качырылып кеткен 18 жаштан кичине 88и кыз 316 баланын үй-бүлөсү, коопсуздук бөлүмдөрүнө кайрылышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар