Рашид Достумга кол салууну пландаган 3 киши кармалды

Достумдун кол салуудан жараланбастан кутулганы билдирилди

369663
Рашид Достумга кол салууну пландаган 3 киши кармалды

Афганстандын мамлекет башчысынын биринчи орун басары Рашит Достумга карата кол салууну пландаган 3 киши кармалды.
Өлкөнүн түндүгүндөгү Фаряб аймагынын Кайсар районунун коопсуздук директору Низамуддин Достумга кол салууга даярданган 3 кишинин Зури айылында жүргүзүлгөн операцияда кармалганын белгиледи.
Операциянын билдирүү боюнча жүргүзүлгөнүн айткан Низамуддин кылмышкерлердин суракта буларды моюнга алганын айтты.
Бир айга жакын убакыттан бери Талибан уюмуна каршы жүргүзүлгөн операцияларды башкаруу жана аскерлерге күч берүү үчүн аймакка барган Рашид Достумдун конвоюна төрт күн мурда да кол салуу жасалган, Достумдун кол салуудан жараланбастан кутулганы билдирилген.
Бир тараптан өлкөнүн түштүгүндөгү Гельманд аймагында бир аскердик базага атылган ок менен 2 НАТО аскери каза болду. Афганстан аскердик формасын кийген кол салуучулар чыккан кагылышууда өлүү колго түшүрүлдү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар