Сирия жана Иракта террор уюмуна абадан чабуул коюлду

Сирия жана Иракта террор уюму ДЕАШтын буталарына абадан 26 чабуул уюштурду.

335127
Сирия жана Иракта террор уюмуна абадан чабуул коюлду

Америка Кошмо Штаттары баштаган эл аралык коалиция күчтөрү, Сирия жана Иракта террор уюму ДЕАШтын буталарына абадан 26 чабуул уюштурду.
Табигый чечкиндүүлүк операцияларынын бириккен орток кызмат күчүнөн маалымдашкандай коалициялык күчтөр тарабынан Сирияда 8 аба чабуулу уюштурулду.
Чабуулдар Хасеке, Халеб жана Ракканын чөйрөсүнө жасалды. ДЕАШ террор уюмунун Ирактагы буталарына болсо абадан 18 чабуул коюлду. Анда уюмдун тактикалык бөлүктөрү жана согуштук позициялары менен кошо текшерүүчү пункттары жана унаалары атылды.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар