Нигерияда балдар каза болууда
Жетерсиз азыктануунун айынан күн сайын эң аз миң бала каза болууда
Нигерияда жетерсиз азыктануу эң көп балдарга таасирин тийгизүүдө. Нигерия статистикалык бюросунун расмий маалыматтарына караганда өлкөдө жетерсиз азыктануунун айынан күн сайын эң аз миң бала каза болууда.
Бул сан Батыш Африка өлкөлөрүндөгү 5 жаштан кичүү балдардын өлүмүнүн 55 пайызын түзүүдө. Жетерсиз азыктануу маселеси менен күрөшүү боюнча өлкөнүн түндүгүндөгү 11 аймакта БУУнун Балдарга Жардам фондунун борборлору курулган. Канодогу борбордук координатору Мерйем Абдуллахи жумада 400 жетерсиз азыктануу менен ооруган баланы кабыл алышкандарын айтты. Абдуллахи бул жерде ишке ашырган программанын саясында акыркы алты жылда 200 миң баланын куткарылганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718880993)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.