Египеттеги террор менен күрөшүү мыйзамы АКШнын да күн тартибинде

Тышкы иштер министрлигинен жасалган маалыматта санаалардын Каир башкаруусуна да билдирилгени белгиленди

334173
Египеттеги террор менен күрөшүү мыйзамы АКШнын да күн тартибинде

Египеттеги террор менен күрөшүү мыйзамы АКШнын да күн тартибинде. АКШ Египеттеги жаңы «террор менен күрөшүү мыйзамынын» кээ бир өкүмдөрүнө байланыштуу санааркап жатканын билдирди. Тышкы иштер министрлигинен жасалган маалыматта санаалардын Каир башкаруусуна да билдирилгени белгиленди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби мыйзамдагы кээ бир түзөтүүлөрдүн адам укуктары жана негизги эркиндиктерге маанилүү өлчөмдө зыяндуу таасиринин болушу мүмкүн экенинен санааркашкандарын билдирди. Катчы Кирби : «Бул санааларыңыздарды Египетке билдирдиңиздерби?» деген суроого болсо : «Ал жердеги миссиябыздын жардамы менен Египет менен дайыма диалог куруп жатабыз жана бул санааркоолорду билдирдик»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар