Рефах чек ара көзөмөлү ачылды
Египет Рефах чек ара көзөмөлүн убактылуу ачты.
331250
Египет башкаруучулугу, Израилдин блокадасынын себебинен Газанын тышкы дүйнөгө ачылган жалгыз каалгасы болгон Рефахты 4 күнгө эки тараптуу түрдө ачты.
Окуучулар, оорулуулар, өлкөдө жашай ала турганына байланыштуу документи бар жана чет өлкөгө чыгуучу паспортторуна ээ болгондордун Рефах чек ара көзөмөлүнөн өтүүсүнө уруксат берилүүдө.
2006-жылдан бери Израилдин блокадасынын астында турган Газанын 7 чек ара бекетинен Рефахтан тышкары 6сы Израилдин көзөмөлүндө.
Египет башкаруучулугу да өлкөдө 2013-жылдын июль айында болгон аскердик күч колдонуудан кийин жабылган Рефах чек ара көзөмөлүн убактылуу ачууда.