Кайсы өлкөлөр тамак-ашты көп ысырап кылышат?
Европада жылына 22 миллион тонна азык таштандыга төгүлүүдө.
Европа Комиссиясы милдеттендирген адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө Европадагы 6 өлкөдө 22 миллион тонна азыктын таштандыга ыргытылгандыгын ортого салды.
Адистер Англия, Нидерландия, Дания, Финляндия, Германия жана Румыниядагы азык-түлүк ысырапчылыгына байланыштуу 6 улуттук изилдөөнүн көрсөткүчтөрүн иликтеди.
Изилдөөдө Англия эң көп ысырап кылган, Румыниянын болсо тамак-ашты таштандыга аз ыргыткан өлкө экени аныкталды.
Таштандыга эң көп ыргытылган азыктардын башында мөмөлөр турганы баса белгиленген изилдөөдө, андан кийин жашылчалар, дан өсүмдүктөрү жана эт азыктары тургандыгы белгиленди.
Ысырапкорчулуктун 80 пайызын алдын алууга боло тургандыгына да көңүл бурушкан адистер, 22 миллион тонна азык ысырапка учурап анын жыл сайын 57 километр кубдук суунун жок болушуна барабар экени билдирилди.
Изилдөөнүн жыйынтыктары «Environmental Research Letters» журналында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718724933)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.