Сириялык мыйзамсыз көчмөндөр

Түркияга баш калкалаган сириялык көчмөндөрдүн саны 2 миллиондон ашты

323050
Сириялык мыйзамсыз көчмөндөр

Ички согуштан улам өлкөлөрүн таштап мыйзам тышы жолдор менен Түркияга баш калкалаган сириялык көчмөндөрдүн саны 2 миллиондон ашты.
Башкы штабдын төрагалыгынын маалыматына караганда Түркияда май айынан баштап чек арадан мыйзамсыз жолдор менен өткөн жана Түркияга кирүү үчүн мыйзамдуу мажбурдуулугу болбогон 50 миңден ашуун мыйзамсыз көчмөн кармалды. Булардан 30 миңин сириялыктар түзүүдө.
300 миңге жакын сириялык болсо 25 лагерде жашап жатат. Жалпы калкынын саны 4 миллион болгон Ливанда да 1 жарым миллион баш калкалоочу бар. Европа Биримдиги өлкөлөрүндө болсо 150 миң сириялык бар. Греция жана Батыш Балкандарга баш калкалоо үчүн талап билдиргендердин саны өсүүдө.
БУУ нун Жогорку Комиссарлыгынын маалыматына караганда Грецияга жылдын биринчи жарымында кирген көчмөн саны 77 миң 100. Булардын 60 пайызын сириялыктар түзөт. Ушул эле булактын билдиргенине караганда бул жылы Европага барууга аракет кылгандардан Жер Ортолук деңизинде 1900 киши каза болду. Бул сан өткөн жылга караганда эки эседен ашыкча өсүү деген мааниге келүүдө.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар