Обамадан Иран менен конгресске билдирүү

Обама келишимдин Иран менен келишпестикке жол ачат деген тынчсыздануу менен баш тартыла албай турганын белгиледи

317056
Обамадан Иран менен конгресске билдирүү

Американын президенти Барак Обама Вашингтондогу Америка университетинде Иран менен кол коюлган атомдук келишим тууралуу Иранга жана конгресске маалымат берди. Обама Тегеран башкаруусуна : «Атомдук келишимде алдай турган болсоңор муну билебиз»,- деди.
Дагы жакшы атомдук келишимди түзүү ыктымалын кабыл албаган Обама келишимдин четке кагылыуусунун Жакынкы Чыгышта дагы бир согушка жол ачышы мүмкүн экенин айтты.
Конгресстин тынчсызданууларын жок кылууга аракет кылган Обама келишимге бөгөт боло турган болсо Ирандын атомдук бомба чыгаруу процессин дагы да ылдамдатарын белгиледи. Обама келишимдин Иран менен келишпестикке жол ачат деген тынчсыздануу менен баш тартыла албай турганын, баш тарткан учурда мунун эл аралык аренадагы бардык кадыр – баркын жок кыларын да белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар