40 миң турист «жанар тоодон жабыркады»

«Тынч океан от чамбары» жер титирөө жана вулкандык региондо орун алган Индонезияда 120дан ашуун активдүү вулкан бар

316808
40 миң турист «жанар тоодон жабыркады»

Индонезияда бир айга жакын убакыттан бери активдүү болгон Раунг жанар тоосунун бүгүн кайрадан күл атырылта башташы менен туристтик Бали аралындагы аэропортто учак каттамдары кайрадан токтотулду.
Индонезиянын туризм министри Ариеф Яхя каттамдардын токтотулуусунун чоң материалдык чыгымга себеп болгонун айтты.
Яхя : «Жуманын ичинде күн сайын 10 миңге жакын турист, жуманын акырында болсо 15 миң турист Балиге уча албай жатат. Каттамдардын токтотулуусу Балидеги аэропорттун күнүмдүк 40 миң доллар чыгымга учурап жатат»,- деди.
Яхя учуулары токтотулган 41 миңге жакын туристтин аэропортто күтүп жатканын билдирди.
Өткөн айда аракетке өткөн Чыгыш Жава аймагындагы жанар тоодон атырылган күлдөрдүн себебинен эки жума мурда 250гө жакын учак каттамы токтотулган, эс алып бүткөн миңдеген турист көптөгөн күн өлкөлөрүнө кайта алган эмес. «Тынч океан от чамбары» жер титирөө жана вулкандык региондо орун алган Индонезияда 120дан ашуун активдүү вулкан бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар