Батыш Шериада араздашуу

Израилдин Батыш Шериада курулган еврей отурукташуу жерлери эл аралык мыйзам тарабынан мыйзам тышы деп аныкталууда

306428
Батыш Шериада араздашуу

Басылып алынган Батыш Шериада еврей отурукташуучулар менен Израиль полициясынын ортосунда окуялар чыкты. Израиль жогорку соту Рамаллах жакындарында ашыкча улутчул еврейлер жашаган аймакта уруксатсыз курулган имараттардын кулатылуусуна чечим чыгарды. Аймактагы эки имараттын бошотулуусу учурунда чечимге каршы чыгуу менен үйлөрүн таштоону калабаган кишилер полицияга каршы турушту. Араздашуунун чыгуусуна себеп болгон көп сандаган еврей отурукташуучу полициянын күчү менен аймактан алыстатылды. Митингге чыккан бир топ киши да камоого алынды.
Израилдин Батыш Шериада курулган еврей отурукташуу жерлери эл аралык мыйзам тарабынан мыйзам тышы деп аныкталууда. Тель Авив башкаруусу болсо муну кабыл албай жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар