Эмчек рагын дарылоодо жаңы үмүт
Англис илимпоздорунун 2 иликтөөсү эмчек рагы болгон аялдарга үмүт берүүдө
347308
Илимпоздор ингибитор ароматаз группасынын дарыларын 5 жыл колдонгон климакстагы 30 миң оорулуу аялда рактын алдыга жылуусунун 30 пайызга чейин төмөндөгөнүн, өлүм рискинин 15 пайызга азайганын белгилешти.
20 миңге жакын аялга жасалган башка бир иликтөө да остеопорозго каршы колдонулган, таасирдүү болгон бисфосфонат болгон дарылардын климакс болгон аялдарда рак клеткаларынын сөөккө жайгашуу рискин 28 пайызга чейин азайтканын жана рак диагнозу берилгенден кийинки 10 жылдын ичинде өлүм рискин 18 пайызга чейин азайтканын ортого салды. Иликтөөлөрдүн жыйынтыктары "The Lancet" журналында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 353 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.