Гуантанамонун жабылуу планы акыркы баскычында
АКШ Гуантанамо кылмышкерлерин жараны болгон өлкөлөргө же үчүнчү өлкөлөргө жиберип жатат
АКШ башкаруусу Гуантанамо булуңундагы талаш – тартыштуу Америка аскердик абагынын жабылуу пландарында акыркы баскычка келингенин билдирди. Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест Кубадагы лагердин жабылуусунун улуттук коопсуздук пайдаларынын негизинде болорун белгиледи.
Акыркы чечимди Конгресстин чыгарарын белгилеген Эрнетс : «Улуттук коопсуздук жетекчилерибиз көп убакыттан бери президент алдыңкылык бергендеринин бирөөсү болгон бул темада иштеп жатабыз»,- деди.
Президент Барак Обаманын 2008 - жылы шайлангандан кийин чыгарган биринчи чечимдеринин бирөөсү Гуантанамо абагынын жабылуусу болгон. Ал жылдан бери Конгрессте оппозициянын айынан Гуантанамодогу кылмышкерлердин АКШга жиберилүүсүнө бөгөт болуп жаткан. Лагерде азыр да 122 кылмышкер бар.
АКШ Гуантанамо кылмышкерлерин жараны болгон өлкөлөргө же үчүнчү өлкөлөргө жиберип жатат.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.