Террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү уланууда

Сирия жана Иракта террордук уюм ДЕАШтан тазалануу үчүн операциялар жүргүзүлүп жатат.

383660
Террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү уланууда

Ирактын коопсуздук күчтөрү жана сунни уруулар Анбар провинциясынын террордук уюмдан тазалануусу үчүн операцияларды кеңейтти жана 3 жактан чабуулга өттү.
Аймакта ДЕАШ террористтери менен катуу кагылышуу болууда.
Бир жагынан Ирактын ар кайсы жерлеринде болуп жаткан бомбалоолордо эң аз 32 адамдын өмүрү кыйылды.
Багдаттын түндүгүндө токтоп турган унаанын жарылуусунан 16 адам каза таап, 48 адам жаракат алды.
Ошол эле Багдаддын түндүгүндө бир аскердик жерге кол салууда да 6 коопсуздук кызматкери мер кетти.
Мандалиде болсо бир базардын ичине кирген бомбалуу унаа жарылып 8 адам каза болуп, 16 адам жаракат алды.
Зафаранияда да бомбалуу жардыруулар 2 адамдын өмүрүн кыйды.
Пентагон болсо 8-июлда Сириянын түндүгүндө уюшулган аба чабуулунда Аль-Каидага караштуу Хорасан тобунун лидерлеринин бири Мухсин Аль-Фадлинин өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.
Америка бийлиги бир канча террор кыймылдарынын буйруктарын берген Аль-Фадлинин башына 7 миллион доллар сайгандыгы белгилүү болду.
Кошмчалай кетсек Сирияда 1 япон жана үч испан журналисттен кабар алынбай жатат.
Өлкөдө 2011-жылы башталган жарандык согуштан бери 84 журналист каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар