Асад күчтөрүнүн кол салууларынан 30 киши каза тапты

Сирияда Асадга байланыштуу күчтөрдүн оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кургактыктан жана абадан кол салууларында кеминде 30 киши каза болду.

383604
Асад күчтөрүнүн кол салууларынан 30 киши каза тапты

Сириянын адам укуктарын коргоо уюмунун маалымдашына караганда кол салууларда борбор шаар Дамасктын четинде 11, Халебде 8, Дераада 5, Хама жана Хумуста экиден, Дейр эз-Зор жана Раккада бирден жарандын мерт кеткени белгиленди.
Берилген маалыматтарга караганда каза болгондордун арасында 8 жаш баланын жана 4 аялдын табылгандыгы, 4 кишинин болсо Асад режиминин абактарындагы кыйноолордон каза тапканы кабарланды.
Сириянын жалпы төңкөрүшчүл кеңеши (СЖТК) да Асад режиминин күчтөрүнүн борбор шаар Дамасктын чыгышындагы Хареста аймагында уулуу газ менен кол салууда көптөгөн адамдар уулануу коркунучунда калгандыгы айтылды.
Сириянын жалпы төңкөрүшчүл кеңеши (СЖТК) Дамаск башкаруусуна байланыштуу күчтөрдүн жогоруда айтылган аймакка оор курал-жарактар менен кол салганы маалым болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар