Барак Обама Мухаммед Бухари менен Ак үйдө жолукту

Нигерия Боко Харам террордук уюму менен күрөшүүдө.

383278
Барак Обама Мухаммед Бухари менен Ак үйдө жолукту

АКШ Нигерияга террор уюму Боко Харам менен күрөшүүгө колдоо көрсөтөт.
АКШнын президенти Барак Обама, Нигериянын жаңы президенти Мухаммед Бухари менен Ак үйдө жолукту.
Бухаринин өлкөсүнүн коопсуздугу жана экономикалык өнүгүүсү үчүн жумшаган иш-аракеттерин мактаган Обама, Нигериянын террор уюму Боко Харамга каршы жүргүзгөн күрөшүнө ыраазычылык билдирди.
Американын президенти Нигерия менен террордук күрөштө кызматташтык кылаарын, коррупция менен күрөшүүдө колдоо көрсөтөөрүн кабарлады.
Нигерия президенти Бухари да, өлкөсүндө демократиянын өнүгүүсүнө салым кошкон Обамага ырахмат айтты.
Африка материгинин эң чоң экономикасына ээ болгон, 170 миллион калктуу Нигерия, Боко Харам террордук уюму менен күрөшүүдө.
Аты жергиликтүү тилде “Батыштык стилде окутуу болбойт” маанисин берген Боко Харам, өлкөнүн түндүк чыгышында кандуу кол салуулар жана адам уурдоо кыймылдарын жүргүзүп жатат.
Нигерияда 6 жылдан бери болуп жаткан зомбулуктарда 15 миң адамдын каза болгону, 1,5 миллион адамдын үйүн таштап кетүүгө аргасыз калгандыгы аныкталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар