Террордук уюм ДАИШ менен күрөшүү уланууда

АКШ тарабынан башкарылган коалиция күчтөрү, Сирия жана Иракта аба чабуулдарын уюштурду.

346252
Террордук уюм ДАИШ менен күрөшүү уланууда

АКШ тарабынан башкарылган коалиция күчтөрү, Сирия жана Иракта 25 жаңы аба чабуулдарын уюштурду. Операцияларда көп сандагы аскерлер өлтүрүлүп, Иракта ДАИШ Анбар провинциясынын коопсуздук күчтөрүн бомбалоосунда 15 аскер каза болду. Ирак армиясы жана коалиция күчтөрүнүн учактары Феллюжедеги ДАИШке таандык буталарды бомбалады. Анда 21 аскер набыт болуп, уюмга тиешелүү эки унаа жок кылынды. Кагылышууларда Анбардагы бир ДАИШ командири жана анын үч жардамчысынын өлтүрүлгөнү белгиленди. Сирия коалиция күчтөрүнүн согуш учактары Халептин түндүгүндөгү террордук уюмду бутага алды. Бул чабуулда эң аз 10 аскер каза болду. Бир тарабынан Сириядагы Асадга караштуу күчтөр өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Латакиянын элет жерлериндеги түркмөндөргө кол салды. Түркмөн тоосунда жайгашкан (Жебел Эт-Түркмен) Абанлы айылына жана жакын аймагына оор куралдар менен кол салуулар болуп кеминде эки киши каза тапты жана 15 киши жаракат алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар