Вашингтондо Кытайга каршы нааразылык акциясы өткөрүлдү

Митингде уйгур түрктөрүнө жасалган мамилеге каршылык көрсөтүлдү.

344881
Вашингтондо Кытайга каршы нааразылык акциясы өткөрүлдү

Вашингтондо Кытайга каршы нааразылык акциясы өткөрүлдү.
Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы мусулмандарга жасалган мамилеге АКШнын борбору Вашингтондо да каршылык көрсөтүлдү.
Уйгур Америка коому тарабынан өткөрүлгөн митингде көпчүлүгү түрк жана азерилерден турган топ, аймактагы кысым көрсөтүүлөрдү айыпташты.
Борбор шаар Вашингтондун борборунда чогулган демонстранттар, ураандардын коштоосунда уйгур түрктөрүнө жасалган кысымга каршы эч кимдин үн катпашын сындашты.
Митингде камактагы уйгурларды Кытайга тапшырып берген Таиланд башкаруучулугу да айыпталды.
Бир тараптан Канадада да ушуга окшогон митинг өткөрүлдү.
Торонто шаарында Дандас аянтында чогулган 200 киши, Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган Чыгыш Түркстан түрктөрүнө көрсөтүлгөн кысымга каршы чыгышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар