Обама Вьетнам коммунисттик партиясынын лидери менен жолугушту

АКШнын президенти Обама Вьетнам коммунисттик партиясынын генералдык секретары Нгуен Фу Тронгду Ак үйдө кабыл алды

337340
Обама Вьетнам коммунисттик партиясынын лидери менен жолугушту

Эки өлкөнүн саясатында олуттуу мааниде философиялык айырмачылыктар болгонуна карабастан эң көп аймактын саясаты сыяктуу маселелерди сүйлөшүшкөндөрүн белгилеген Барак : «Адам укуктары жана дин эркиндиги сыяктуу темаларда пикир айырмачылыгы улантылууда»,- деди.
АКШнын мурунку президенттеринен Билл Клинтон биринчи кадамды таштаган АКШ жана Вьетнам карым – катнаштарынын нормалдашуусунун 20 - жылдыгынан улам Вашингтонго барган коммунисттик партиянын лидеринин Вьетнам өкмөтүндө роль албаганына карабастан Обама менен Ак үйдө жолугушуу өткөрүүсү көңүлдөрдү бурууда.
Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык диалогдун маанилүү экенин белгилеген АКШнын лидери биргелеше аткара турган иштердин маанисин баса белгиледи.
Вьетнам коммунисттик партиясынын лидери жана АКШнын президентинин жолугушуу өткөрөрүн 20 жыл мурда эч кимдин ойлобогонун, Ак үйдө ачык жолугушуу өткөргөнүн белгилеген Тронг : «Эң негизги нерсе эки мурунку душмандын дос болушунда»,- деди. Тронг эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын дагы жакшы болорун белгиледи. Айрыкча президент Обама жана жубайын Вьетнамга чакырган Тронг Обамадан оң жооп алып, бирок сапардын күнү тууралуу маалымат берилген жок.
Обаманын вьетнамдык лидер менен өткөргөн бул жолугушуу суна АКШнын Азия саясатындагы жаңы бир маневрасы деп баа берилүүдө. Президент Обаманын вьетнамдык партия лидери менен жолугушуусунун бай нефть жана жаратылыш газ запастарына ээ Түштүк Кытай деңизинде Кытайдын аткарган иштеринин артынан келиши көңүлдөрдү бурууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар