Греция үчүн акыркы убакыт

Грецияга эртеңки күнгө чейин кошумча убакыт берилди.

337432
Греция үчүн акыркы убакыт

Грециядагы референдумдан кийин Брюсселде чогулган Евро аймагынын лидерлери Грецияга конкреттүү сунуш бериши үчүн эртеңкиге чейин убакыт берди.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын 47 беттик сунушун көргөн лидерлер, сунуш мазмунун насыя булактарынын кайрадан ачылуусу үчүн жетиштүү деп санаган жок. Анткени Ципрастын тапшырган сунушу мурункусу менен бирдей эле.
Ципраска мындан да комплекстүү жана конкреттүү бир реформалык планды камтыган жаңы сунуш даярдалышы үчүн эртеңкиге чейин кошумча убакыт берилди. Евро аймагынын лидерлери Грециянын абалын чечүү үчүн 12-июль жекшемби күнү акыркы жолу жыйналыш өткөрүүнү чечти.
Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск чогулуштун аягындагы жарыясында: «Бул жума акыркысы»-деди. Туск, «Грециянын банкрот болушу жана банктардын кыйроосу бүтүндөй Европаны таасирлентет. Мунун тескерисин ойлоо жакшы болот»-деп айтты.
Греция менен макулдашуу үчүн Америка Кошмо Штаттары да процесске кирүүгө белсенди. Американын президенти Барак Обама саммиттен мурун лидерлер менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Грециянын Европа Биримдигинде калуусунун маанисин баса белгиледи.
Бирок Германия баштаган топ, Грециянын «анык жана комплекстүү план менен» келишин талап кылууда.
Германиянын канцлери Ангела Меркель жекшемби Грецияны куткаруу программасы боюнча «ооба» же «жок» деген чечимге келе тургандарын айтты.
Меркель Грециянын карыздарынын бир бөлүгүн кечүү тууралуу кеп болбой тургандыгын белгиледи.
Италиянын премьер-министри Маттео Рензи да «Жекшемби күнү Греция үчүн акыркы чогулушубуз болот деп үмүттөнөм»- деди.
Грециянын премьер-министри Ципрас сунуш менен чыккандыгын жана максаттарынын жуманын аягына чейин келишим түзүлүүсү болгонун блгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар