Венгрия чек арасына дубал курат

Венгрия мыйзамсыз иммигранттарга каршы чек арасын бекемдөөдө.

336006
Венгрия чек арасына дубал курат

Парламент Венгриянын Сербия чек арасына дубал куруу мыйзамын жактырды.
Сербия чек арасына тартыла турган зым дубалдын узундугу 175 км, бийиктиги 4 м болот.
Курула турган зым дубал Ооганстан, Сирия жана Ирактан келген мыйзамсыз иммигранттардын башка өлкөлөргө өтүшүнө да бөгөт болот.
Мыйзам, Европа өлкөлөрү чет өлкөлүктөргө каршы чыккандыгы менен айыптаган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын каалоосу менен даярдалды.
Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги бул пландын качкындардын коопсуздугун коркунучка сала тургандыгын белгиледи.
Өздөрүнө берилген иммигрант квотасы адилетсиз болгондугу жана андан көп иммигрант кабыл албай тургандыгын ачыктаган Венгрия менен Европа Биримдиги өлкөлөрү ортосунда чыңалуу байкалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар