Дүйнөдөгү эң картаң киши каза болду

Дүйнөнүн эң картаң кишиси Сакари Момои 112 жашында дүйнөдөн кайтты.

336218
Дүйнөдөгү эң картаң киши каза болду


Япон атуулу Сакари Момои жашап жаткан карылар үйүндө бөйрөк оорусунан каза болду.
1903-жылы Фукушимада туулган Момоинин беш баласы бар.
Окутуучу болгон Сакари Момои өткөн жылы Гиннестин Рекорддор китебине дүйнөнүн эң картаң кишиси катары кирген.
Гиннестен «эң картаң киши» документин алгандан кийин маек куруп берен Сакари Момои: «Дагы эки жыл жашагым келет»,- деген эле.
Момои дүйнөдөн кайткандан кийин эң картаң киши наамын дагы бир япониялык жаран 112 жаштагы Ясутаро Коидэ алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар