Европа ысык абанын таасиринде

Европа өлкөлөрү июль айына дагы ашыкча ысык аба толкуну менен кирди

328836
Европа ысык абанын таасиринде

2003 - жылы кишилердин каза болуусуна жол ачкан чөл ысыктарынан кийин Европа өлкөлөрү июль айына дагы ашыкча ысык аба толкуну менен кирди.
Германия, Бельгия жана Францияда ашыкча ысыктык элге кыйынчылык жаратууда. Франциянын борбор шаары Парижде жана бир топ шаарда ысыктык 40 градустан ашты. Ысыктыктардын кабелдерге тийгизген таасиринен улам 800 миң үй жана иш жерлерине электр бериле албай жатат. Кишилер мажбур болмоюнча үйдөн чыкпоолору керектиги боюнча эскертилди. Абанын кирдүүлүгүнөн да тынчсызданып жаткан шаардын башкаруучулары унааларды колдонуунун азайтылуусун суранышты.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселде да термометрлер аймакта 35 градусту көрсөтүүдө. Нымдуулук катнашынын жогорулугунан улам калк жашыл аянттарга барышууда. Германиянын борбор шаары Берлинде болсо ысыктыктар 38 градуска жакын. Өлкөнүн түштүк шаарларында жуманын акырына чейин ысыктыктын жогору болуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар