АКШ менен Куба элчиликтерин ачат

АКШ-Куба карым-катнаштары өнүгүүдө.

328699
АКШ менен Куба элчиликтерин ачат

АКШнын президенти Барак Обаманын декабрь айында жарыялаган, Куба менен карым-катнаштардын нормалдашуусуна карай тарыхый билдирүүлөрүнөн кийин маанилүү кадамдар ташталууда.
Эки өлкө өз элчиликтеринин эки тараптуу түрдө 20-июлда ачылуусу темасында макулдашышса, мамлекеттик катчы Жон Керри да жайдын аяктарында Гаванага барып, расмий ачылышты ишке ашырат.
Толук жарым кылымдан кийин алгач ирет АКШ менен Кубанын президенти апрель айында жолугушса, Вашингтон башкаруучулугу Кубаны террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн тизмесинен чыгаруу чечимин чыгарды.
Бул процесстин ичинде 1961-жылы өзүлгөн байланыштарды кайрадан куруунун шарттары өз-өзүнчө талкууланды.
Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда тарыхый жылыштар болуп жатса да пикир келишпестиктер уланып жатат. Вашингтон башкаруучулугу өзгөчө сөз эркиндиги темасында Кубаны эскертүүнү улантууга чечкиндүү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар