Канадада токой өртү коркунуч туудурууда

Өрттүн эсебинен 5 миңге жакын адам үйлөрүнөн айрылды

327958
Канадада токой өртү коркунуч туудурууда

Канаданын Саскачеван жана Альберта провинцияларында чек арага жакын аймакта бир жумадан бери уланып жаткан токой өртү өчпөй жатат.

Саскачевандын курч кырдаалды башкаруу борборунун катчысы Колин Кинг абдан орчундуу абалга туш болгондорун айтып, ушул убакка дейре 5 миңге жакын кишинин үйлөрүнөн чыгарылып убактылуу баш калкалоочу борборлорго жайгаштырылганын айтты.

Өрттүн шамалдын да таасири менен абдан тез жайылганын айткан Колин Кинг, өрттүн 500дөн ашуун аймакка тараганын жана ушул убакка дейре он миңдеген гектардык токой аянтын күлгө айлантканын белгиледи.

Көк асманга көтөрүлгөн түтүндөр НАСА спутниктери тарабынан космостон да тартылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар