Армениядагы абал

Арменияда электр энергиясынын баасын жогорулатуу элди көчөгө чыгарды.

323214
Армениядагы абал

Армениянын президенти Серж Саргсян чечиминен баш тартты.
Президент Серж Саргсян электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча буйрукту жокко чыгарды. Ишемби күнү бийлик демонстранттар коюп жаткан талапты карап чыгып, эски жана жаңы тариф ортосундагы айырманы өкмөттүн эсебинен убактылуу жабууга убада берди.
Саргсян арасында демонстранттардын өкүлдөрү да болгон, энергетика тармагында тажрыйбалуу жана таасирдүү комиссиянын Армениянын Энергетика желелелери фирмасында текшерүү жүргүзө турганын билдирди.
Бир жумадан бери борбор калаа Ереванда көчөлөрдү тоскон миңдеген киши, президенттин сунушун жетиштүү деп тапкан жок. Алар тарифти кымбаттатуу толук алып салынмайынча, митингди уланта беришерин билдиришүүдө.
Армениянын борбор калаасы Ереванда 19-июнда башталган акциялардын төртүнчү күнүндө полиция жогорку басымдуу суу чачып кийлигишкен соң акциялар 24 сааттык кыймылга айланды.
Эске сала кетсек Армения Евразия Экономикалык Биримдигине 2014-жылдын 1-октябрында кошулган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар