Путин Обама менен сүйлөштү

Эки лидер Украина маселеси жана Жакынкы Чыгыш темаларын сүйлөшүштү.

320165
Путин Обама менен сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Барак Обама менен телефон аркылуу байланышып, Украина маселеси жана Жакынкы Чыгыш темаларын сүйлөштү.
Ак үйдөн маалымдалгандай Обама Путинди Орусиянын аскердик бөлүктөрүн жана шаймандарын Украина чек араларынан чыгаруусу керектиги боюнча эскертти.
Эки лидер айрыкча террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүдө биргелеше иш алпаруу темасында пикир алмашышты.
Сириядагы кырдаалды да карашкан Обама менен Питин, Ирандын ядролук куралдарга ээ болушуна бөгөт коюу сүйлөшүүлөрүндө 5+1 өлкөлөрүнүн тилектештигин улантуусу маанилүү экенин баса белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар