НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны уланып жатат

Жыйындын экинчи күнүндө Украина маселеси каралууда.

319518
НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны уланып жатат

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны уланып жатат.
Биргелешкен коргонуу күчүн арттыруу чечимин чыгарган НАТОнун Брюсселдеги бүгүнкү күн тартип беренеси Украина болду.
Украинанын чыгышындагы ок атпоо эрежелеринин бузулушуна көңүлдөрдү бурган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны согушкерлерге көрсөткөн аскердик колдоосун токтотууга чакырды.
Түркияны улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз өкүлдүк кылган Украина-НАТО кеңешинде Орусиядан Минсктин ок атпоо келишимине шайкеш келүүсү талап кылынды.
Жыйында Украинанын жеринин бүтүндүгүнө берилген маани баса белгиленди. Орусиянын өткөн жылы эл аралык укукту тебелеп Крымды кошуп алганы эске салынып, бул абалдын НАТОнун мүчөлөрү тарабынан таанылбай турганы кайталанды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар