Обез балдардын саны артууда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму обез балдардын санынын 10 жылдан кийин 70 миллионго жетерин эскертти

315913
Обез балдардын саны артууда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Маргарет Чан Гонк Конгдо өткөрүлгөн Бала кезде обездикти соңуна чыгаруу комиссиясынын жыйынында өлкөлөрдүн бала кезде обездикти чукул түрдөгү саламаттык коркунуч катары кабыл алуусу жана өкмөттөрдүн муну менен күрөшүүдө лидерлик кылуусу керектигин айтты. Чан бала кезде обездиктин турмуштук стилинен эмес, экологиялык таасирлер жана өкмөттөрдүн саясаттарынан болорун баса белгиледи.
Чан бала кезде обездиктин себептерине да токтолуп : «Эң чоң зыян ашыкча шекерлүү ичимдиктер, энергиялуу жана азыктык баасы төмөн азыктардын сатылуусунан келет. Мындай продукциялар көпчүлүк учурда абдан арзан жана көп таркаган продукциялар катары өзгөчө жакыр коомдордо көп сатылат»,- деди.
Жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бала обездердин санын да билдирди. Ушуга караганда 1990 - жылы 32 миллион болгон ашыкча семиз же обез балдардын саны 2013 - жылы 42 миллионго жетти, азыркы учурдун улантылуусу менен бул сандын 2025 – жылы жалпы дүйнөдө 70 миллионго жетери белгиленди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда семиз же обез балдар эң көп өнүгүп жаткан өлкөлөрдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар