Мексикада сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды
Сөөктөр соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.
Мексиканын туристтик шаары Акапулькодо сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды.
Шаардын Олимпика аймагында табылган көрүстөндөн 10 кишинин сөөгү чыгарылды.
Жергиликтүү тургундардын кабарлоосу боюнча издөө жүргүзгөн полиция көрүстөндөгү 3 аял жана 7 эркек кишинин сөөгүн чыгарды.
Полиция буларды бангизат шайкаларынын тобу менен өлтүрүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Жаш курактары жана өздүктөрү айтылбаган сөөктөр соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.
Мексикада сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөндөр көп учурайт.
Өткөн жылы Игуале шаарында 43 студент дайынсыз жоголгон болчу. Тобу менен көмүлүшү мүмкүн деген шек туудурган студенттердин ал-абалынан дагы эле дайын жок.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 353 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.