Эш Картер Орусия жана Украина тууралуу маанилүү маалымат берди

Картер : «Орусиянын душмандыгын каалабайбыз, Орусия менен ысык же суук согуш каалабайбыз»,- деди

314797
Эш Картер Орусия жана Украина тууралуу маанилүү маалымат берди

АКШнын коргоо министри Эш Картер Орусия жана Украина тууралуу маанилүү маалымат берди. Германиянын борбор шаары Берлинде журналисттерге маалымат берген Американын коргоо министри Картер : «Орусиянын душмандыгын каалабайбыз, Орусия менен ысык же суук согуш каалабайбыз»,- деди. Европанын чыгышындагы НАТО өлкөлөрүндө оор куралдарды жайгаштырууну ойлошкондорун айткан Картер Украинаны курал жана материал жиберүү менен колдоону улантышарын белгиледи.
Бир тараптан Украинанын мурунку президенти Виктор Янукович Киевде 100 кишинин өлүмүнө жол ачкан окуялардан жооптуу экенин кабыл алды.
2014 – жылы февралда катуу протесттердин ортосунда кызматынан кеткен Янукович коопсуздук күчтөрүнө митингге чыккандарга кийлигишүү буйругун бербегенин белгиледи. Кан акканы үчүн санааркаганын айткан Янукович : «Жоопкерчилигими танбаймын»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар