Малиде тынчтык келишимине кол коюлду

Малиде жикчил Туарег топтордон эң чоңу да борбордук өкмөт менен келишим түздү.

312438
Малиде тынчтык келишимине кол коюлду

Батыш Африка өлкөсү Малиде жикчил туарег топтордон эң чоңу да борбордук өкмөт менен келишим түздү.
Май айында башка жикчил топтор кол коюшкан тынчтык келишимине катышпаган Азавад тобу, бир айга созулган көндүрүү аракеттеринин артынан тынчтык келишимин кабыл алды.
Адам укуктары уюмдары, тынчтык келишимин оң өнүгүү катары баалоо менен бирге келишимдин беренелеринин өлкөдөгү тынчтыкты бузуучу окуяларды соңуна чыгара турган түзөтүүлөрдү алып келбегенин белгиледи.
2012-жылы жикчил туарегдер баштаган көтөрүлүштү дагы таасирдүү түрдө бастырууну каалаган генералдар сокку урган. Ал сокку баш аламандыкка алып барган өлкөнүн элет жерлеринде Аль-Каида террору пайда болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар