Асад күчтөрүнүн кол салуусу

Асад күчтөрү Халебдин айрым жерлерине кол салып, көптөгөн киши жабыркады.

312272
Асад күчтөрүнүн кол салуусу

Сирияда режимге караштуу күчтөрдүн Халебде оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга жүрүзгөн ракеталык кол салууларында 10 киши каза таап, 15 киши жаракат алды.
Жарандык отурукташуу жери Бустан эл Касыр менен Келес аймактарына кычкылтек баллондорунан жасалган жана «пил» деп аталган ракеталар атылган кол салууда балдар жана аялдар да жабыркашты. Кол салууда көп сандаган үй кулап, кыйрап калды.
Режим күчтөрүнүн Халебде оппозициячылдардын көзөмөлүндө турган аймактарга күнүгө абадан жана кургактыктан кол салганы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар