Йемен сүйлөшүүсү

Йемендеги өкмөт жана хусилердин ортосунда БУУнун арачылыгында Женевада болгон сүйлөшүүлөрдө макулдашуу түзүлө албады

311413
Йемен сүйлөшүүсү


БУУнун өкүлү Исмаил Шейх Ахмед гуманитардык жардамды берүү үчүн убактылуу ок атууну токтотуунун түзүлүшү тууралуу тараптардын бирдей пикирде экенин бирок акыркы келишимдин түзүлө албаганын жарыялады. Тараптар бири бирин кызматташтык үчүн жакындабоо менен күнөөлөдү.
Бир тараптан Йеменде калкынын 80 пайызынын гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирген БУУму жардам үчүн 1 миллиард 600 миллион доллар чогултууга чакырды. Йемен үчүн 200 миллион доллар гана чогултула алганын, башта Сауд Арабстан болуу менен бир топ өлкө убада берген материалдык жардамды бербегенин белгиледи.
Йеменде хусилерди токтотуу үчүн Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн март айында баштаган абадан кол салууларында 2 миң 600дөн ашуун киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар