Жеб Буш АКШнын президенттиги үчүн ат салышат

Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоолор үчүн талапкерлер белгилене баштады

306163
Жеб Буш АКШнын президенттиги үчүн ат салышат

Жеб Буш АКШнын президенттиги үчүн ат салышат
Америка Кошмо Штаттарында 2016-жылы ноябрь айында боло турган президенттик шайлоолор үчүн талапкерлер белгилене баштады
Мындан мурда эки жолу Буш фамилиясы тарабынан башкарылган Ак үй үчүн дагы бир Буш талапкер көрсөтүлүүдө.
Мурдагы президенттерден Жорж Буштун уулу жана Жорж W.Буштун бир тууганы Жеб Буш талапкерлигин жарыялады.
Флориданын мурдагы губернатору 62 жаштагы Жеб Буш Республикачыл партиядан талапкерликке талапкердигин расмий түрдө жарыялады.
Ушуну менен Республикачылдардын талапкерликке талапкер саны 11ге жетти.
Америка саясатынын маанилүү үй-бүлөлөрүнөн биринин мүчөсү болгон Жеб Буш эми бирдей эле фамилиядагы үчүнчү президент болуш үчүн татаал жарышка түштү.
Акыркы 6 ай бою штаттар менен катар Европаны да кыдырып байкоосун жүргүзгөн Буш, Маямиде шайлоо өнктүгүн расмий түрдө баштады.
Бул процессте Жеб Буштун алдындагы тоскоолдук болсо, жеке киши катары эмес, Буштун уулу жана бир тууганы катары таанылышы болуп жатат...
Буш бул шайлоо өнөктүгүнүн логотибинде фамилиясын эмес, жалгыз гана ысымын колдонуп тоскоолдуктан ашып өтүүгө аракет кылууда.
Жыйналышта атасынын жана агасынын болбошу да көңүлдөрдү бурган маанилүү элемент болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар