Сиси Африка саммитине эмне себептен катышпайт?

Египеттин президенти Сиси жыйынга жетекчилик кыла турган өлкөгө саммитке катышпай турганын билдирди.

302555
Сиси Африка саммитине эмне себептен катышпайт?

Египеттин президенти Абдулфеттах Аль-Сисинин Түштүк Африкада өтө турган 25-Африка Биримдиги саммитине катышпай турганы белгиленди.
Африкалык дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Сиси Африка саммитине катышпай турганын, ордуна премьер-министр Ибрахим Михлибдин өлкөсүн өкүлдүк кылаарын билдирди.
Аймак өлкөлөрүнүн лидерлерин жолугуштура турган жыйынга Египеттин президентинин эмне себептен катышпай тургандыгы айтылган жок.
Түштүк Африкадагы айрым укук коомдору жана медиа органдары, Сисинин саммит үчүн Йоханнесбургга барганында согуштук кылмыш жана адам баласына жасалган кылмыштардын себебинен суракка алынышын талап кылышкан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар