Жаңы өкмөт менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз

АКШ Түркия менен кызматташууну улантат.

299100
Жаңы өкмөт менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз


Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест Түркияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон кийин жаңы парламент жана өкмөт менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандарын айтты.
Эрнест бир күндүк брифингинде ушул темага байланыштуу бир суроо боюнча, АКШнын НАТОдогу шериктеши болгон Түркия менен саясий, экономикалык жана коопсуздук жактан жакындан кызматташууну улантуу убадасын бергенин сөз кылды.
Эрнест, шайлоонун жыйынтыктарынын террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүгө кандай таасири болооруна байланыштуу суроого болсо ДЕАШка кошулган чет элдик согушкерлердин баруусуна бөгөт коюу үчүн АКШнын Түркия менен жакын координацияда экенин айтты.
Түркия Сирияга барууга жана ДЕАШка кошулгусу келген кишилер кеңири колдонгон багыт экенин баса белгилеген Эрнест: «Бул темада Түркиянын ушул учурга чейин жасагандарына ыраазы экендиктерин бирок, жасашы керек болгон дагы көп маанилүү иштер бар»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар