Палестиналык бир жаш жигит каза болду

Палестина өкмөтү 36 күндөн бери өлүм орозосун кармаган Аднандын ыктымалдуу өлүмүнөн Израилдин жооптуу болорун жарыялады

299740
Палестиналык бир жаш жигит каза болду

Израиль аскерлеринин Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин качкындар лагеринде аткан ок менен палестиналык бир жаш жигит каза болду. Көргөн күбөлөр лагерде баскын жасаган Израиль аскерлерине каршы чыккан палестиналыктарга ок атылганын, окуяда Иззеддин Гара аттуу бир жаш жигиттин жараланганын белгиледи. Көкүрөгүнө ок тийген палестиналык жаш жигит жаткырылган ооруканада каза болду.
+++ Бир тараптан Палестина парламентинин спикери Азиз Дувейк Израилдин Офер ооруканасында бир жылдык камоодон кийин эркин койо берилди.
+++ Дувейк өткөн жылы Батыш Шериада жоголгон 3 еврей отурукташуучунун сөөгүнүн табылуусунан кийин Израиль аскерлери баштаган кенен масштабдуу операцияларда камалган болчу.
+++ Израиль Дувейкти 12 ай абак жана акчалай жазасына тарткан.
+++ Израиль ооруканаларында 12 палестиналык депутат бар.
Ошол эле учурда көптөгөн жумалардан бери укуксуз камоого алынгандыктан өлүм орозосун кармаган 3 палестиналыктан ооруканага жаткырылган Хайдар Аднандын абалы оор.
Палестина өкмөтү 36 күндөн бери өлүм орозосун кармаган Аднандын ыктымалдуу өлүмүнөн Израилдин жооптуу болорун жарыялады.
Израиль мыйзамдары шектүүлөрдүн соттоо процесси болбостон 6 айга чейин камоодо болушу жана бул процесстин да 6 айлык узартуулар менен туруктуу абалга келүүсүнө уруксат берүүдө.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар