Кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 431ге жетти

Ушул учурга чейин 14 киши аман кутулса, 11 кишиден дагы эле дайын жок.

294496
Кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 431ге жетти

Кытайда Янцзы дарыясында дүйшөмбү түнү чөккөн кемеде каза болгондордун саны 431ге жетти.
456 кишини ташыган кеме кырсыгынан ушул учурга чейин 14 киши аман кутулса, 11 кишиден дагы эле дайын жок.
Дайынсыз жоголгон кишилерди издөө иштери дарыянын ар кайсы жерлеринде уланууда.
Жакын туугандары болсо үмүттөрүн үзбөй жакшы кабар күтүп жатышат.
Кырсыктан каза тапкан жана дайынсыз жоголгондордун өздүктөрүн тактоо үчүн 1 миң 200 кишиден ДНК үлгүлөрү алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар