Хусилер Сауд Арабстан чек арасына кол салды
4 Сауд Арабстан аскери жана ондогон хуси каза болду
293984
Йемендеги хусилердин Сауд Арабстан чек арасына жасаган кол салуусунда чыккан кагылышууда 4 Сауд Арабстан аскери жана ондогон хуси каза болду. Кагылышуу Сауд Арабстандын Йемен чек арасындагы Жазан аймагында болду.
Коалиция күчтөрүнүн Жазан кол салуусуна мурунку режимдин Йемендин борбор шаары Санадагы курал – жарак сакталган жерлерге абадан кол салууларды жасоосу менен жооп бергени белгиленди. Жергиликтүү булактар коалиция күчтөрүнүн кол салуусунан кийин борбор шаар Санада катуу жарылуу үндөрүнүн угулганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Израилдин акыркы 24 саатта жасаган колс алуусунда 44 палестиналык каза болду
Израиль 20 - сентябрь жума күнү эртең менен Газа тилкесине көптөгөн абадан кол салууларды жасады.