Израиль Газага кол салды

Израиль армиясы Газа тилкесинен атылган биринчи ракетанын Израилдин түштүгүн бутага алганын жарыялады

292873
Израиль Газага кол салды

Израиль армиясы Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө ракета менен кол салганын жарыялады. Израиль армиясы андан кийин Газага абадан кол салуу жасады. Израиль армиясы Газа тилкесинен атылган биринчи ракетанын Израилдин түштүгүн бутага алганын жарыялады. Ракеталардын атылуусунан кийин Ашкелон жана Нетивотто сигналдар берилди. Бирок, эч кандай чыгымдын болбогону аныкталганы билдирилди.
Көптөгөн сааттардан кийин Израиль согуштук учактары Газанын батышындагы Хаййале менен түндүгүндөгү Хан Юнус шаарында Кассам полкторуна таандык аскердик аянттарды бомбалады. Кассам полкторуна таандык Хаййале аскердик аянтынын тегерегиндеги үйлөрдө олуттуу чыгым болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар