Мурси тууралуу чечим кечеңдетилди
Мухаммед Мурси менен 121 киши тууралуу акыркы чечим 16 - июнга чейин кечеңдетилди
Египетте өткөн айда болгон «абактар баскыны» жана «чыккынчылык» доолорунда өлүм жазасына тартылган шайланган биринчи президент Мухаммед Мурси менен 121 киши тууралуу акыркы чечим 16 - июнга чейин кечеңдетилди.
Сот өлүм жазасынын такталышынан мурда муфтияттын көз карашын сураган. Муфтият азырынча отчетун даярдабагандыктан акыркы чечим кечеңдетилди. Кээ бир булактар болсо муфтияттын көз караш билдирүүнү четке какканын кабарлашууда.
Европа Кеңешинин баш катчысы Торбьерн Ягланд Египет муфтияты Шевки Ибрахим Абдулкерим Алламдан зомбулук менен кызматынан алыстатылган шайланган президент Мухаммед Мурси жана башка зомбулукка каршыларга берилген өлүм жазаларын бекитпешин талап кылган.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.