Түштүк Корея Мерс вирусу менен алпурушуп жатат
Мерс вирусуна кабылгандардын саны 18ге жетти.
Жаңы катталган үч киши менен бирге акыркы он күндө вирусту жугузуп алгандардын саны 18ге жетти.
Бул учурда 44 жаштагы бир кишинин каратинге алынган үйдөн качып чыгып Гонконг менен Кытайга саякат жасаганы боюнча эскертүү жарыяланды.
Аты аталган кишинин Мерс вирусуна кабылганы аныкталды.
Түштүк Кореянын медицина кызматкерлери бул киши менен жакын байланышта болгон деп шек санаган 700 кишиге саякатка чыгууга тыюу салууга даярданууда.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму алгач 2012-жылы катталган Мерс вирусуна кабылган 1 миң 150 кишиден 427синин каза болгонун билдирди.
Бул ооруга каршы азырынча коргоочу вакцина жок.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718881752)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.