Кытай Мьянма чек арасында аскердик машыгуу өткөрөт

Машыгуу шейшемби күнү өлкөнүн түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында башталат.

300033
Кытай Мьянма чек арасында аскердик машыгуу өткөрөт


Кытай армиясы өлкөнүн Мьянма чек арасына жакын жердеги аймакта аскердик машыгуу өткөрөт.
Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, шейшемби күнү өлкөнүн түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында баштала турган машыгууга кургактык жана аба күчтөрү катышат.
Чыныгы октор колдонула турган машыгуу убагында аймакта аба мейкиндиги жабылат.
Машыгуунун канча күнгө созулары жана катыша турган аскерлердин саны тууралуу маалымат берилген жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар