Президенттигинин биринчи жылына баа берди

Пётр Порошенко өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин армиянын бөлүктөрүнө кол сала баштай турган болсо согуш жарыялаша турганын билдирди

297006
Президенттигинин биринчи жылына баа берди

Украинанын президенти Пётр Порошенко өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин армиянын бөлүктөрүнө кол сала баштай турган болсо согуш жарыялаша турганын билдирди. Кызматка келишинин биринчи жылында улуттук телекөрсөтүү каналында жарыяланган «Порошенконун жылы» программасында сөз сүйлөгөн Порошенко : «Эгерде ок атууну токтотуунун эрежелери бузула турган болсо, фронт жолунан өтүлө турган болсо жана Украина куралдуу күчтөрүнө кол салуу баштатыла турган болсо анда өлкөдө согуштун жарыялануусуна чечим чыгарам»,- деди. Порошенко өткөн жылдын август айынын экинчи жарымынан баштап чыгыштагы абалдын толугу менен өзгөргөнүн, толугу менен камсыздалган жана Кавказиядагы согуштук тажрыйбасы болгон миңдеген Орусия куралдуу күчтөрүнүн Украина жерлерине киргенин белгилеп, муну менен бирге согуштун мүнөзүнүн өзгөргөнүн, Орусия колдогон жана көзөмөлгө алган жикчилдер менен болгон согуштун Орусия менен согушууга айланганын айтты.
Орусиянын биринчи этапта Украинанын Харьков, Днепропетровск, Донецк, Луганск, Запорожье, Херсон, Николаев, Одесса жана Крымды ичине алган 9 аймагын «Жаңы Орусия» чатыры астында бириктирүүнү каалаганын айткан Порошенко : «Жаңы Орусия проектиси ийгиликсиз болду. Украина биримдигин көрсөттү. Бул украиналыктардын ийгилиги. Бул акыркы бир жылдын ичиндеги эң чоң ийгилик» - деди. «Акыркы бир жылда тил, мамлекетти бириктире турган абалга келди жана өлкөнү бириктирүүдө»,- деген Порошенко : «Эми тил мамлекетти бөлүү фактору болуудан чыкты. Орус тилинде Украинаны сүйгөндөр, эң аз украина тилин сүйгөндөрчөлүк бар. Украинаны чыгышта жактагандардын 50 пайызы орус тилинде сүйлөшүүдө»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар