АКШ менен Кытайдын ортосунда «жасалма арал» келишпестиги

Кытай башкаруучулугу АКШга жооп кайтарды.

296164
АКШ менен Кытайдын ортосунда «жасалма арал» келишпестиги

Америка Кошмо Штаттарынын Тынч океан аймагындагы өлкөлөргө карай «деңизди толтуруу» иштерин токтотуу чакырыгына жооп кайтарган Кытай башкаруучулугу, Түштүк Кытай деңизинде жасалма аралдарды курууга укуктуу экенин жактады.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хуа Чуньин тышкы актерлордун Кытайга өз жерлеринде эмне кылышы керектигин айтууга укуктуу эмес экенин белгилеп, Вашингтонду аймакта маселе жаратууга аракет кылып жатканы менен күнөөлөдү.
Катчы Вашингтондун Кытай курган аралдын үстүндөгү эгемендик укугун тааныбай аймактагы ырааттуулукка коркунуч туудуручу провокацияларга себепчи болгонун айтты.
Тайвань, Кытай Бруней, Малайзия, Вьетнам жана Филиппин мунай зат, жаратылыш газы жана балыкчылык жагынан бай булактага ээ болгон Түштүк Кытай деңизиндеги аралдардын баарында же бир бөлүгүндө талап коюу укугу бар экенин айтууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар