Эфиопияда жаңы табылган адам сыяктуу скелеттер

Эфиопияда 3,5 миллион жылдык жаңы адам сыяктуу скелеттер табылды

295511
Эфиопияда жаңы табылган адам сыяктуу скелеттер

The Woranso-Mille иликтөө проектисинин төрагасы Йоханнес Хайле Селассие Аддис Абабада өткөргөн пресс – жыйынында Афар аймагындагы Буртеле археологиялык казуу аянтында 4 жыл мурда 3, 3 – 3,5 миллион жылдык экени болжолдолгон тиштер жана ээк сөөгүнө таандык калдыктардын табылганын айтты. Хайле Селассие бул жаңы калдыктардын ошол эле аймакта андан мурда табылган 4 миллион жылдык адамга окшогон скелеттен башка өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгиледи. Хайле Селассие жаңы калдыктардын адамдын өнүгүүсүн жакшы түшүнүүгө жардам берерин белгиледи.
Иликтөө тобунда орун алган илимпоздордон Стефани Мелильо ошол эле аймакта 1974 - жылы табылган жана дүйнөнүн эң белгилүү адамга окшогон скелети деп билинген "Lucyге" караганда бул жаңы фосилдин дагы кичинекей тиштерге жана дагы бекем астынкы ээгинин бар экенин айтты. Мелильо бул калдыктардын адам тегинин ушул кезге чейин билинбеген бир мүчөсүнө таандык болушу мүмкүн экенин белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар