Польшада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Экинчи айлампада учурдагы президент Бронислав Коморовский менен Анжей Дуда ат салышууда.

287075
Польшада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Польшада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүдө.
Биринчи айлампада талапкерлердин эч бири 50 пайыздан ашуун добушка ээ боло албагандыктан шайлоо экинчи айлампага калан. Экинчи айлампада учурдагы президент Бронислав Коморовский менен Анжей Дуда ат салышууда.
Шайлоолорго «Келечектин аты Польша» урааны менен катышкан «Укук жана адилеттик» партиясынын талапкери улутчулдугу менен алдыга чыккан Дуда, биринчи айлампада 34,8 пайыздык добуш алып биринчи болгон.
Европа Биримдигинен алысыраак турган 42 жаштагы Дуда аял укуктары жана аборт сыяктуу темаларда катуу турат.
Президент Бронислав Коморовский болсо добуштардын 32,2 пайызын алган.
Сегиз жылдан бери бийликте турган Мекендештер платформасы колдогон талапкер болгон Коморовскийдин алган добушу келээрки айда өткөрүлө турган парламенттик шайлоо үчүн көрсөткүч мүнөзүндө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар