Меркель Украина тууралуу билдирүү жасады
Меркель Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу билдирүү жасады
![Меркель Украина тууралуу билдирүү жасады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/4473812613merkelukrayna.jpg?time=1718863138)
Германиянын канцлери Ангела Меркель : «Украина эң башта сунуш кылынган шарттарды орундатуусу керек жана Европа Биримдиги стандарттарына жакындоосу керек»,- деди. Меркель Украинанын керектүү шарттарды орундатпастан Европа Биримдигине мүчө боло албай турганын белгиледи.
Украина жарандары үчүн виза жеңилдиги тууралуу да маалымат берген Меркель : «Виза жеңилдиги, бардык шарттар орундатылса мүмкүн болот»,- деп бул тууралуу жылдын акырына чейин чечимдин чыкпай турганын айтты.
Айрыкча Орусиянын жакынкы мезгилде кайрадан Г 7ге кире албай турганын айткан Меркель : «Орусия эл аралык укуктун баалуулуктарын кабыл алмайынча жана ошого карата кыймыл кылмайынча Г – 8 форматына кайрадан кайтуусу ойлонула албайт»,- деди.
Меркель Г – 7нин ошол эле баалуулуктарды бөлүшкөн коом экенине басым жасап, эл аралык укуктун жана мамлекеттердин жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн буга кошулганын жана Орусиянын Украинадагы кыймылынын муну менен дал келбегенин белгиледи.